7-апрелде каза болгон курсанттар эскерилди

7-апрелде каза болгон курсанттар эскерилди

Ички иштер министрлигинин Академиясында кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттарды эскеришти. Бул аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Академиясынын “Даӊк” мемориалынын алдында кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттар Вячеслав Шкрум, Никита Кущ жана Эдил Такырбашевди эскерүү-реквиеми болуп өттү.

Иш-чара “Даӊк” мемориалына гүл чамбарларын коюу жана мүнөттүк эскерүү менен башталган.

ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Тариель Абитов  эскерүү аземин ачып жатып, Мекен үчүн өз өмүрлөрүн аябастан, кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттардын ата-энелерине ыраазычылык билдирген.

“Биз аларды эч качан унутпайбыз, алардын жаркын элестери ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Алардын эл үчүн жасаган эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга өзгөчө таасир калтырды. Үлгү болушту. Биз алар менен сыймыктанабыз” – деген Абитов.

Иш-чаранын соӊунда каза болгон курсанттардын жаркын элесине арналып “Данк” аллеясына бак отургузулуп, куран окулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>