7-май: Коронавирус 385 адамдан аныкталып, 3 киши каза болду

7-май: Коронавирус 385 адамдан аныкталып, 3 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 385 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4291 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 226;
Ош шаарында – 12;
Чүй облусунда – 108;
Ош облусунда – 4;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 16;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Жалал-Абад облусунда – 0;
Баткен облусунда – 4.

Ошондой эле инфекция 7 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 348 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1, Чүй облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 97 миң 663 адамдан аныкталды. Анын ичинен 90 миң 959 бейтап айыгып, 1 миң 643 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>