9-августка караган түнү «Коопсуз шаардын» камералары талкаланды

9-августка караган түнү «Коопсуз шаардын» камералары талкаланды

Бишкектин  айрым жерлеринде “Коопсуз шаар” долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланды. Бул тууралуу  РЕПОРТЕР агенттигине Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин басма сөз катчысы Махабат Мансурова билдирди.

«Так саны чыга элек, учурда тактоо иштери жүрүүдө. Такталгандардан,  7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде аппараттык-программалык комплекс жана көзөмөл камералар толугу менен  талкаланды. Ал эми  Чүй-Шопоков жана Бөкөнбаев-Абдрахманов кесилиштеринде видеобайкоо талкаланып, аппараттык-программалык комплекс штаттык режимде иштеп жатат. Керектен чыккан көзөмөл камераларын «Вега» компаниясы өз эсебинен калыбына келтирет”, — деди Мансурова.

Басма сөз катчы ошондой эле, камераларды талкалаган балдардын айрымдары видеого түшүп калганын билдирип, келтирилген чыгым такталган соң укук коргоо органдарына материалдар өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

8-август күнү Алмазбек Атамбаев кармалган соң, анын тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулган. Милиция аларды таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>