Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия жергиликтүү тургундар менен жолугууда

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия жергиликтүү тургундар менен жолугууда

Бүгүн, 26-сентябрда Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Чүй облустук акимчилигинин имаратында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйынга Кой-Таш жана Арашан айылдарынын 60-70тей тургуну катышууда.

Аталган комиссиянын мүчөлөрү эки айылдын тургундары менен суроо-жооп иретинде жыйынды жүргүзүшүүдө. Жыйындын катышуучулары администрациянын имаратында эмес, айылдын өзүндө өткөрүүнү талап кылышты.

Мамлекеттик комиссиянын корутундусу 15-октябрда чыгат.

Иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>