Аалы Карашев экономика министрине: Салык кодексине канча жолу өзгөртүү киргенин билбесеңер эмнеге келдиңер

Аалы Карашев экономика министрине: Салык кодексине канча жолу өзгөртүү киргенин билбесеңер эмнеге келдиңер

Акыркы эки жылда канча жолу салык кодексине өзгөртүү киргизилди. Мындай суроону бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында депутат Аалы Карашев экономика министрлигине берди.

Экономика министринин орун басары так маалымат жок экенин айтып, бирок салык кодексине көп ирет өзгөрү киргенин билдирди.

Карашев: «Салык кодексине канча жолу өзгөртүү киргенин билбесеңер министр жана министрдин орун басары эмне келдиңер? Урматтуу министр салык кодексин өзгөртүүгө 25 мыйзам кабыл алдыңар. Ушуну билбесеңер экономика боюнча кантип саясат жүргүзөсүңөр, кантип инвесторго шарт түзөсүңөр? Кайсы инвестор келип бизге акчасын салат? Барыбыз бир жыйынтыкка келелик да мындан ары өзгөртпөйлү деген мараторий кылалык дедик эле. Бүгүн бир инвестор долбоору менен келсе, эртең салык кодекси өзгөрүп кетсе, ал ишкер банкрот болот да», — деди Аалы Карашев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>