Аалы Карашев: Жакшы мыйзамдар канчалык көп болсо, көзөмөл ошончолук аз талап кылынат

Аалы Карашев: Жакшы мыйзамдар канчалык көп болсо, көзөмөл ошончолук аз талап кылынат

Бишкек шаарында Кыргызстанда парламенттик көзөмөлдү күчөтүүгө арналган эл аралык семинар өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев парламенттик башкаруу формасынын калыптанышы менен бийлик өкүлдөрүнө карата талаптар жогорулай турганын баса белгиледи.

«Парламенттик көзөмөл жигердүү киргизилип, анын ролу улам артып барат, бирок парламенттик көзөмөлдүн усулдары али алсыз бойдон калууда. Азыркы замандын талаптарына жараша заманбап усулдарга, анын ичинде парламенттик көзөмөлдүн жаӊы форматтарына ээ болушубуз керек», — деди Карашев.

Депутаттын пикиринде, көзөмөл – өзалдынча жөнгө салуу иш-милдеттеринин жана жүйөлөрүнүн солгундашынан улам аргасыздан келип чыккан чара.

«Анын жыйынтыгы ушул: жакшы мыйзамдар канчалык көп болсо, көзөмөл ошончолук аз талап кылынат. Таасирдүү мыйзамда өзалдынча ишке ашыруу механизмдери камтылат, андагы ченемдердин аткарылышына демөөр берет, натыйжалуу каржылык же күчтөп чектөөлөр каралууга тийиш. Парламенттик көзөмөл ойлонулган мыйзамдар менен таасирдүү программалардан башталат. депутат өзүнүн жоопкерчилигин тереӊ түшүнүп, кылдат иштеп чыгууга жана кыйла маанилүү мыйзамдарды кабыл алууга өзгөчө көӊүл бөлөт», — деди ал.

Парламентчи парламенттик көзөмөлдүн заманбап форматы үч түйүндүү нерсеге ылайык келиши керек экенин айтты.

«Биринчиден, ал таасирдүү жана сапаттуу болушу керек. Экинчиден, ал Өкмөттүн күндөлүк ишине жолтоо болбоого тийиш. Үчүнчүдөн, көзөмөлдүн формасы, жол-жоболору, түрлөрү учурдун талаптарына дал келип, көзөмөл иш-аракеттерин үстүртөн эмес, сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзүшү абзел», — деди Аалы Карашев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>