Аба ырайы: 14-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Аба ырайы: 14-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Бүгүн, 14-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>