Аба ырайы: 15-октябрда тоолу райондордо кар жаашы күтүлөт

Аба ырайы: 15-октябрда тоолу райондордо кар жаашы күтүлөт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Ысык-Көл дубанында  түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкекте эртең түнкүсүн жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 14…16° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>