Абакта жатып чет өлкөлүк ишкерден акча алып турган адам аныкталды

Абакта жатып чет өлкөлүк ишкерден акча алып турган адам аныкталды

Абакта жатып алып  телефон аркылуу Түркиялык  ишкерди коркутуп, опузалоо жолу менен акча алып турган адам аныкталды.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Белгилүү болгондой ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу түзөтүү мекемелердин биринде жазасын өтөп жаткан 29 жаштагы адам болгон. Анын 33 жаштагы аялы кылмыштуу топ менен байланышта болуп турган.

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча иликтөө жүрүп, шектүүнүн жана башка адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>