Абдышүкүр ажы: элибиз Чубак ажыдан эмес дин илиминен айрылды

Абдышүкүр ажы: элибиз Чубак ажыдан эмес дин илиминен айрылды

Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын жакындарына жана жалпы кыргызмэлине терең кайгыруу менен көңүл айтып, билдирүү жазды.

Абдышүкүр ажы өз бидирүүсүндө элибиз Чубак ажыдан эле эмес дин илиминен, диндин туусун көтөргөн мураскордон айрылганын өкүнүү менен баса белгилеген.

“Устазды эскерип, анын эл үчүн, дин үчүн жасаган ат көтөргүс эмгегин жазсаң жыйнак-жыйнак китеп болору чын. Бирок, азыр оозума бир ооз сөз келбей, айтарга сөз таппай отурам…
Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Адышүкүр ажы.

Чубак ажы Жалилов 45 жашында 11-июлга оогон түнү пневмониядан каза болду. Маркумдун жаназасы анын кичи мекени Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында 11-июлда саат 16:00-18:00 чамасында өтөөрү айтылды.

сүрөт: Насаат Медиа
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>