Абдывахап Нурбаев: ӨКМдин бир да өкүлү Караколдо каттуу шамалдан зыян тарткандардан кабар албаптыр

Абдывахап Нурбаев: ӨКМдин бир да өкүлү Караколдо каттуу шамалдан зыян тарткандардан кабар албаптыр

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер саатында депутат Абдывахап Нурбаев Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында 10-сентябрда каттуу шамалдын кесепетинен көп тургундардын үйлөрүнүн чатырын учуруп, жабыркагандар тууралуу маселе көтөрдү.

Нурбаев 100гө жакын үй, кээ бир ишкерлердин күнөсканалары зыянга учураганын да белгиледи.

«Каракол шаарынын тургундары мага кайрылып, шамалдын кесепетинен зыянга учурагандарын айтышууда. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир да өкүл барып алардан кабар албаптыр. Өкмөт ал жактан барып көрүп, кандай жардам керек экенин кабар алышсын. Ал жатын эли нааразы болуп жатат. «Бийлик көңүл да бурган жок» деп. Өкмөт атайын комиссия түзүп, эмне жардам керек экенин жеринен билип келсин», — деди Нурбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>