Абылгазиев: Чуулгандуу кылмыштын бетин ачып, коомчулукка маалымат берүү керек

Абылгазиев: Чуулгандуу кылмыштын бетин ачып, коомчулукка маалымат берүү керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кылмышка тиешеси бар, сегиз шектүү кармалып, анын ичинде ишкердин унаасын сатууга аракеттешкен жарандар аныкталганын айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, ишкердин  мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратканын белгилеп өткөн.

“Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн ишкерлер арасында колдоо тапкан Өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ», – деген ал.

Ошону менен бирге өкмөт башчы адам өлтүрүүнү тергөө иштерин аяктап, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

“Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милициячга кайрылууга чакырам”, – деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>