Абылгазиев: Эми зергерлер кум түрүндөгү алтынды чайкоочулар менен түз иштеше алышат

Абылгазиев: Эми зергерлер кум түрүндөгү алтынды чайкоочулар менен түз иштеше алышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтын» зергердик заводунун аймагында Кыргыз  Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы заводду кыдыруу учурунда технологиялык процесс менен таанышып, чынжыр токуучу, механикалык жана куюучу жабдууларды көрүп чыкты. Көчмө жыйында атамекендик зергердик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

«2019-2022-жылдарга карата Кыргызстанда зергердик тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди, анын алкагында бул чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар каралган. Зергерлерди сырье менен камсыздоо маселеси боюнча Кыргызстан кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Эми зергерлер кум түрүндөгү алтынды чайкоочулар менен түз иштешүү мүмкүндүгүнө ээ», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>