Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы кыргыз тарап 2020-жылы Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жылы жана Кыргызстанда Орусия Федерациясынын Жылы деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында Уюштуруу комитетин түзгөнүн белгиледи. Азыркы тапта биргелешкен иш-чаралардын деталдуу планы иштелип жатканын Абылгазиев кошумчалады.

Өз кезегинде элчи кыргыз-орус кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи. Ал өз тарабынан жетишилген макулдашууларды жана кол коюлган келишимдерди сапаттуу ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>