Адам өмүрүн алган ала качуу. Бишкек ШИИББинин жетекчиси отставкага кетеби?

Адам өмүрүн алган ала качуу. Бишкек ШИИББинин жетекчиси отставкага кетеби?

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев “адам өмүрүн алган ала качуу” боюнча отставкага кетүү тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди.

Журналист бул окуя боюнча Бакыт Матмусаев өзүн канчалык жоопкерчиликтүү сезет жана отставкага кете турган оюу бар жогун сурады.

Буга Бишкек милициясынын жетекчиси отставка тууралуу маселе ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болорун айтты.

“ИИМ тарабынан ички иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына карашыбыз керек. Азыр эми мен бул ишти иликтеп аягына чыгарышым керек”, — деди Матмусаев.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жатышкан тасманы жарыялашкан. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>