Адилдин атасынын иши. ТИМ аракетсиздиги тууралуу кабарга реакция жасады

Адилдин атасынын иши. ТИМ аракетсиздиги тууралуу кабарга реакция жасады

Тышкы иштер министрлиги “Репортёр” маалымат порталынын Тажикстандын өтүнүчү менен Орусиянын аэропортунда кармалган Эсенбай Мажитовдун камакта үй айга калганы тууралуу маалыматына жооп берди.

“ТИМ жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Мажитов кармалгандыгы тууралуу маалымат алган күндөн тартып анын кызыкчылыгын жана укугун коргоо үчүн тийиштүү иштерди аткарып жатат. Элчиликтин консулдугунун кызматкерлери анын камалып турган жерине жолугушууга баруусу күтүлүүдө”, — деди министрликтин маалымат кызматынан.

Ошондой эле ТИМдин жана элчиликтин жооптуу кызматкерлери Маджитовдун адвокаты менен туруктуу байланыш турушканы билдиришти.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өзгөчө көзөмөлүндө.

Белгилее кетсек, Эсенбай Мажитовдун жубайы Айзада Хамдамова күйөөсү Нижний Новгород шаарындагы абаката дагы 3 айга калганын «Репортёрго» билдирген. Тажикстан кыргызстандыкты кабыл алууга даяр экенин билдирип, Орусияга расмий кат жолдогон. Хамдамованын айтымында, Тышкы иштер министрлиги менен элчилик чара көрбөй, күйөөсүнүн жактоочусу менен иштешкен эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>