Аида Касымалиева: Авариялык абалдагы мектептердин маселесин тез арада чечүү керек

Аида Касымалиева: Авариялык абалдагы мектептердин маселесин тез арада чечүү керек

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында мектеп көйгөйлөрү айтылды.

Депутат Аида Касымалиева Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагындагы эки мектеп өз маалында ашар жолу менен салынгандыгын, бүгүнкү күндө сейсмологиялык ченемдерге жооп бербей, коркунучтуу абалга кептелгендигин билдирди. Ал бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин окуу жүргүзү болбостугу боюнча тыянак чыгаргандыгын ортого салды.

 «Кечээ эле Нарындагы Кеӊеш айылынын авариялык мектеби көтөрүлдү. Дегеле авариялык абалдагы мектептердин маселесин тез арада чечип беришибиз керек»,- дейт Касымалиева.

Ал эми депутат Аида Исамилова мектептердин курулушунда бюджеттик каражаттар ырааттуу пайдаланылбай жаткандыгын айтып, ага мисал катары Жети-Өгүз районундагы Богатыревка айылындагы мектепти мисалга тартты.

«Бул мектептин курулушу жаӊы эле бүткөнү менен пайдубалы упурап, цемент колдонулбагандай. Мындай мисалдар өлкө аймагы боюнча ондоп саналат».- дейт эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>