Аида Салянова үй камагына чыкты

Аида Салянова үй камагына чыкты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын сиңдисине таянып «Азаттык» жазды.

Маалыматка карганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып,  26-августка чейин  Бишкектеги 1-тергөө абагына камалган. Абакта анын саламаттыгы кескин начарлап кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>