«Айчүрөк» соода борборундагы өрт толук өчүрүлдү

«Айчүрөк» соода борборундагы өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ЦУМ-2 соода борборунда өрт чыкканы тууралуу болжол менен саат 11:00дө маалымат түшкөн. Ал эми 11:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

“Имараттын ичинде таштанды күйгөнү аныкталды. Өрттөн жабыр тарткандар, жаракат алгандар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда «Айчүрөк» дүкөнүнүн имаратынын жогорку кабатынан көк чыгып, ал жерге өрт өчүрүү бөлүмдөрү келгени тартылган видеолор тараган болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>