Айсулуу Мамашова: “Биз келечегибизди сатпашыбыз керек”

Айсулуу Мамашова: “Биз келечегибизди сатпашыбыз керек”

“Сиздерге добуш сатуу сунуштары менен кайрылгандар болсо, алардан баш тартыңыздар. Биз келечегибизди сатпашыбыз керек”. Мындай пикирин Бишкекте өткөн иш-чарада “Альянс” партиясынан талапкер Айсулуу Мамашова билдирди.

Ал элдин үнү болуп, шайлоочулардын таламын талашуу үчүн Парламентке бара жатканын айтты. Жаш болсо дагы депутаттык ишмердигинде отуздан ашуун мыйзамды демилгелегенин кошумчалады.

“Депутат болуп турганда чын дилден кызмат кылдым. Бирок жасаган эмгегим тууралуу маалымат бербегеним үчүн көптөрдүн маалыматы жок экен. Маселен, гемодиализ көйгөйүн көтөрүп чыгып анын баасын төмөндөтүп, акысыз алууга шарт түзүп бердим. Андан тышкары жалгыз бой энелердин маселесин көтөрүп чыктым. Алименттин баасын жогорулатып, карызкордун жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамды өткөрдүм”, — деди Мамашова.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!
Айсулуу Мамашова – 8 ☑

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>