Айсулуу Тыныбекова украиналык спортчуну жеңип Олимпиадага жолдомо утту

Айсулуу Тыныбекова украиналык спортчуну жеңип Олимпиадага жолдомо утту

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова  2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомону утуп алды.

Белгилей кетсек,  ал 19-сентябрда Казакстанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалында украиналык спортчуну жеңип жарым финалга чыккан.

Ага чейин ал япониялык Юкако Каваины уткан. Дүйнө биринчилиген болгон мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмакта күч сынашып жатат.

Ушул тапта Казакстанда кыз келиндер арасында  күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат.  16-22-күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт. Сентябрда башталган мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>