Айыл-чарба азыктарын тышка чыгарбай тоскоолдук кылган топ табылды

Айыл-чарба азыктарын тышка чыгарбай тоскоолдук кылган топ табылды

Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө жасалма тоскоолдуктарды жараткан, өз ара жең ичинен сүйлөшүп алган кызмат адамдары менен жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматт айтылгандай, мындай иш-аракеттердин натыйжасында, айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштурган Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери жана логистикалык компаниянын өкүлдөрү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Кармалгандарга карата сот тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча иш-чараларды улантууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>