Айыптоолору орунсуз! Жогорку Сот Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү боюнча үн катты – видео

Айыптоолору орунсуз! Жогорку Сот Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү боюнча үн катты – видео

Жогорку Сот УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айыптоолору орунсуз деп маалымат таратты. 

Анда Камчыбек Ташиев айткан айыптоолорго Жогорку соттун жетекчилиги жана кызматкерлеринин тиешеси жоктугу айтылат.

Ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясы (айып далилдене элек абал) жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири экенин эскертип, айыпталып жаткан адамдын күнөөсү далилденип, сот өкүмү күчүнө кирмейинче ал айыптуу деп эсептелбей турганы айтылган. 

Мындан сырткары бийликтин сот бутагынын өкүлдөрүн айыптаган ачык билдирүүлөр сот бийлигин жаманатты кылары, мындай көрүнүш элдин сот органдарына ишенимин жоготуп, мыйзамга каршы келери кабарланат.

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>