Айзада Жамгырчиева: Эл өкүлү болгончо, эриме эркелеп жүргөнүм жакшы

Айзада Жамгырчиева: Эл өкүлү болгончо, эриме эркелеп жүргөнүм жакшы

Белгилүү теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева аны “Жогорку Кеңештин депутаты болууга аракет кылып жатат” деп сындагандарга жооп кайтарды.  Ал инстаграмдагы баракчасына эл өкүлү болгончо, күйөөмө эркелеп жүргөн жакшы деген пикирин жазган. 

“Эл өкүлү болгончо, азырынча элимдин, эрге тийсем эримдин эрке кызы болуп жүргөнгө эмне жетсин”, — деп билдирүү калтырган алып баруучу. 

Буга чейин Айзада Жамгырчиева ага айрым партиялардан  парламенттик шайлоого талапкер болууга сунуш түшүп жатканы тууралуу айткан сөзү интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн. 

https://www.instagram.com/p/CDagg-AjrCi/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>