Айзада Жамгырчиева президентке  аймактардагы ыктыярчы- медиктер менен онлайн жолугушуу уюштурууну сунуштады

Айзада Жамгырчиева президентке  аймактардагы ыктыярчы- медиктер менен онлайн жолугушуу уюштурууну сунуштады

Бүгүн, 21- июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчы- медиктер менен жолугушту. 

Аталган жолугушууга катышкан телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева анда эмнелер талкууланганын Reporter’го айтып берди.

Анын айтымында жолугушуу 3 саатка чукул созулуп, ага катышкан 12 ыктыярчы- медиктер 50гө чукул суроо узатышкан. 

“Эч кимди эч ким чектеген жок, баары ачык бетке айтып жатты. Мисалы мен президентке аймактардагы ыктыярчылар менен онлайн жолугушуу өткөрүүнү сунуштадым. Анткени азыр шаардан 12 эле ыктыярчы келди да.
Сырттан келген гуманитардык жардам боюнча да суроолор болду. Ага президент бул маселе өтө ачык караларын айтып, атайын сайт иштелип чыгып, анда бардык чыгым көрсөтүлөрүн айтып жооп берди.  Ошондой эле дарылардын кымбаттаган баасы тууралуу да айтылды», — дейт Жамгырчиева.

Ошондой эле телеалпаруучу президент жакында толук кандуу ооруканалар куруларын айтканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>