Ак-Буура дарыясынын жээгинде 31 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды

Ак-Буура дарыясынын жээгинде 31 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасында Ак-Буура дарыясынын жээгинде 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине 2021-жылдын 10-апрель күнү саат 13:50 чамасында кабарланган.

Аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки кылмыш иш катталып, тергөө амалдары башталган.

Кылмыш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүп,  жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жансыз дененин өздүгүн тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну 31 жаштагы  С. уулу Ө. экендиги такталган. Ал 2017-жылдан баштап психикалык жактан ооруп каттоодо тургандыгы, акыркы учурларда ага көңүл буруп караган адамдарынын жоктугунан өз учурунда даарыланбай калгандыгы  аныкталган.

С. уулу Ө  1990-жылы Ош шаарында туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну, апасы каза болгон, атасы О.С  66 жашта пенсионер. Үй-бүлөсү жок. Атасы менен бирге жашаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>