“Ак-Ордодо” бир эле жерди бир нече адамга сатып пайда көрүп жүргөн адам кармалды

“Ак-Ордодо” бир эле жерди бир нече адамга сатып пайда көрүп жүргөн адам кармалды

Сокулукта милиция кызматкерлери жер тилкелери менен алдамчылыкка
шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 45 жаштагы С.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну “Ак-Ордо” конушунан 6 миң долларлык жер тилкесин сатып алган. Ал курулуш иштерин баштаганда жердин мурдагы ээси тилкени дагы башка адамга сатып жиберген. 

Акчасы да жери да жок калган адам жардам сурап милицияга кайрылган.   

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен
иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 43 жаштагы С.У. аттуу адам кармалган. 

Ага бул окуядан башка ушул сыяктуу 20 эпизод боюнча айып коюлуп камакка алынган.

Сүрөттөгү адамдан жабыркагандар болсо, милиция төмөндөгү номерлерге байланышуусун өтүнөт. 
(0501) 54-02-02
0 (312) 60-75-67 .

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>