«Ак-Тилек» чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны болууда

«Ак-Тилек» чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны болууда

Чек ара кызматы 11-январь кечинде кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында түзүлгөн автоунаалардын тыгыны боюнча маалымат берди.

Маалыматта оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу болуп жатканы айтылат.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертти.

Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган эмес.

Кыргыз-казак чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы «Чалдыбар» жана Талас облусунда «Чоң-Капка» өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>