Site icon Reporter.kg

Акимдин өлүмү боюнча сырдуу жагдайлар териштириле башталды

Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайыловдун каза болушу тууралуу интернетте тараган маалымат боюнча териштирүү иштери башталды.  Бул туурасында  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Алар бардык жагдайлар такталып, аныкталып, юридикалык баа берилээрин айтышууда.

“Кайсыл жерден, кайсыл убакытта, кандай себеп менен кимдер тосушканы жөнүндө так маалымат жок”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле башкармалык кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилерин жана оорулуу жаран же кош бойлуу адамды ооруканага жеткирип жатканда бир дагы кызматкер аны токтотуп кармоого барбай турганын белгилейт.

Белгилей кетсек, маркум аким Таалайбек Жайыловдун жубайы интернетке жолдошу менен ооруканага бара жатканда таксистти кайгуул кызматкери токтотуп, бир саат кармаганын жазган. Мындан улам коомчулукта сырдуу жагдайлар жарала баштаган.

Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов каза болду

Exit mobile version