Аксы: Лаборатория бирөөнөн сибир жарасы бар экенин аныктады

Аксы: Лаборатория бирөөнөн сибир жарасы бар экенин аныктады

Сибир жарасына шектүү катары 7 киши бейтапканага жаткырылды. Биринин анализдерин лабораторияда текшерилип андан илдеттин бар экени такталган. Бул туурасында республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдинов билдирүүдө.

Айрым маалыматтарда, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде мал союлуп, ичеги-карынын кармаган беш адамдын анализи таза чыгып, эки адамдын анализинен оорунун белгилер байкалган. Бейтаптар 2-сентябрдан тартып дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.

Кээ бир маалымат каражаттарында айтылгандай, союлган малдын эти 11 топко бөлүнүп, 13 үй-бүлөгө 24-август күнү таркатылган. 41 киши этти жеген, анын ичинен 14 жашка чейинки 10 өспүрүм бар. Булардын бардыгы көзөмөлгө аланып, шашылыш түрдө дарыланууда.

Адам Сибирь кулгунасын ылаң малды бакканда, сойгондо, анын этин тамак-ашка пайдаланганда, топурак жана суу аркылуу жуктуруп алат. Сибирь кулгунасы көбүнчө териден, азыраак ичеги жана өпкөдөн кармайт. Кызыл так пайда болот да, ыйлаакчага, ириндеп жарага айланат. Дене ысып, баш ооруйт, шай кетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>