Аксыда жаңы мектеп ачылды

Аксыда жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучу орунга ылайыкташкан мектеп ачылды.  Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Мектеп эки кабат. Курулуш иштери 2019-жылы март айында башталып, ушул жылдын октябрь айында аяктады. “ПГС-ВЕК” ЖЧК курулуш компаниясы салган. Акчасын болсо Сауд өнүктүрүү фонду берген.

Ал эми ачылышына болсо Билим берүү жана илим министри баш болгон бийликтегилер барды. Маалыматта канча каражат сартпалганы боюнча так жазылган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>