Аксыда жер тилкелери трансформацияланбай, бир топ үй-бүлөлөр өзүнчө там сала албай жатат

Аксыда жер тилкелери трансформацияланбай, бир топ үй-бүлөлөр өзүнчө там сала албай жатат

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында үй куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоо кечиктирилип жатканы айтылды.

Депутат Рада Туманбаева Аксы районунун Кербен айылында жер тилкелери трансформацияланбай, бир топ үй-бүлөлөр өзүнчө там сала албай жатканын, бир топ үйлөр болсо тиешелүү документтерин – «кызыл китептерин» ала албай жүрүшкөндүгү боюнча Өкмөттүн астына маселе койду.

Депутаттар Улукбек Ормонов, Аалы Карашев дагы жер тилкелерин трансформациялоо маселеси боюнча мыйзам кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлгандыгына карабай бир дагы жер тилкеси трансформациялана электигине токтолушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>