Акыйкатчы Нарматованын иши боюнча башпрокурорго кайрылат

Акыйкатчы Нарматованын иши боюнча башпрокурорго кайрылат

Акыйкатчы Токон Мамытов активист Орозайым Нарматованын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылганы турат. Бул туурасында Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Омбудсмен Токон Мамытов активисттин Ош аэропортунан кармалышы, күбө катары суралып жатып, Бишкекке эмне себептен жеткирилгенин түшүндүрүп берүүнү өтүнөт.

Акыйкатчы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, түн ичинде кайра аны жокко чыгаруусун да белгилеп, буга түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

«Акыйкатчы Токон Мамытов 10-сентябрь күнү саат 23:00дө активист Орозайым Нарматованын ишин карап жаткан тергөөчү менен жолугуу үчүн Ички иштер министрлигине барган. Акыйкатчыга ИИМдин иликтөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов активист бир саат мурда бошотулганын, ал эми аны менен иштеген тергөөчүлөр үйүнө кетишкенин билдирген», — деп жазылган маалыматта.

 

Нарматова бошотулуп, Москвага учмай болду

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>