Акылбек Жапаров: ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ болушу керек

Акылбек Жапаров: ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ болушу керек

Бүгүн, 6-майда парламентте Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттери тууралуу Өкмөттүн маалыматын угулууда.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Баткен облусунда төрт үй жабыркаса алардын  бирөөсү гана камсыздандырылганын айтты.

“Ошондуктан Өкмөттүн жооптуу адистери барып үймө үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”,– деди Касымалиева.

ӨКМ үчүн бюджеттен жылына бөлүнгөн 100 млн сом кантип сарпталып жатканына эл өкүлү Акылбек Жапаров кызыкты. Министр Замирбек Аскаров ал каражат иштетиле электигин, 47 млн сом бөлүп берүү үчүн кат менен кайрылганын билдирди.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров ӨКМ өз эсебиндеги акчага өзү ээ боло албаганын сынга алып, тез арада буйрукту өзгөртүү зарыл деп белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>