Акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 1-майда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан журналист, акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнаты Бишкектеги «Дордой» конушунда Ажыматовдун үйүндө болду.

Ага президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов барды. Мындан тышкары акындын калемдештери, кесиптештери жана дос, туугандары катышты.

Маркумдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Белгилей кетсек, Зайырбек Ажыматов бир нече китептин автору.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>