Акыркы 4 жылда Кыргызстанда канча мектеп курулган? Өкмөттүн жообу

Акыркы 4 жылда Кыргызстанда канча мектеп курулган? Өкмөттүн жообу

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы 4 жыл ичинде  республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулган мектептер:

2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча;
2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча;
2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча;
2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган,  дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд 133 млн сом бөлүү каралган.

[su_quote]Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет. Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген.[/su_quote]

Эске салсак,  2-сентябрда  Нарын облусунун кеңеш айылында контейнерден салынган мобилдик мектептин ачылышы коомчулуктун сынына кабылган.  Андагы тартылган сүрөтттөр соцалдык тармакта кызуу талкууланып, активисттер мектеп куруу үчүн каражат чогултуп башташкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>