Алайда 17 жашар бала сууга чөгүп кетти

Алайда 17 жашар бала сууга чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Алай районунун Сары-Таш айлындагы көлмөгө чөгүп кеткен 17 жаштагы баланын сөөгүн суудан чыгарып, тууганларына өткөрүп беришти.

Маркум 22-июль күнү чөгүп кеткен. 7 куткаруучу баланы суудан издөө иштерин жүргүзүшүп, 23-июль күнү саат 09:10до маркумдун жансыз денесин көлмөдөн табышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>