“Алайдагы” айгай: айлыгын ала албаган футболчулар клубдан кетишерин айтышууда

“Алайдагы” айгай: айлыгын ала албаган футболчулар клубдан кетишерин айтышууда

Ош шаарынын мэриясы каржылаган “Алай” командасынын оюнчулары клубдун вице-президенти Сейит Аматовду кызматтан алууну талап кылып, болбосо командадан кетишерин айтып мэрияга барышты.  

Алар эки күндөн бери мэриянын алдына чогулуп Таалайбек Сарыбашов менен жолугууну талап кылышууда.

Футболчулардын айтымында, клубда эки жылдан бери баш аламандык орун алып, жетекчилик командага тийиштүү шарт түзүп бербей келет.

Мындан сырткары алар, бир нече айдан бери айлыктарын ала электигин билдиришүүдө.

“Нааразылык айлыктын айынан эле чыккан жок. Көйгөйлөр көп, былтыр, мурдагы жылы дагы ушундай нерселер болгон. Жетекчилик тарабынан айлыкты бербей, айып пул салып баш аламандыктар болуп келет. Азыр оюнчулар “Алайдын” вице-президенти Сейит Аматовго нааразы болуп, мэрге келишти. Мэр биз убагында акчаны бөлүп турганбыз деп айтып жатат. Клуб өнүгүшү үчүн жаңыланыш керек”, — дейт атын атагысы келбеген оюнчу.

Мындар сырткары  “Алайдын” капитаны Одил Абдырахманов жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып, команда толук курамы менен клубдан кетүүнү чечкендигин айткан. 

“Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге жолуктук, ал оюнчулардын айлыгы тууралуу эч нерсени билбесин айтып, абалды көзөмөлгө алууну убадалады. Бирок оюнчулар толугу менен командадан кетүү чечимин кабыл алдык”, — деген Одил Абдырахманов.

[su_image_carousel source=»media: 31706,31707,31708″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>