Алайкууда 1 метр бийиктикте кар жаап, жолдор жабылды  — сүрөт

Алайкууда 1 метр бийиктикте кар жаап, жолдор жабылды  — сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 14-январга караган түнү калың кар жаады. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калындыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметрге жеткен.  

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылган. Аны ачуу үчүн № 26 Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат.

Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилген.

[su_image_carousel source=»media: 54209,54210,54211″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>