Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 2 миң доллар өлчөмүндө пара кайтарып жатып кармалды

Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 2 миң доллар өлчөмүндө пара кайтарып жатып кармалды

Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, «Д.Б» милициясынын улук лейтенанты, мурда алынган каражатты пара катары кайтарып жатып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө органдары тарабынан «Д.Б» тергөөчүсү аркылуу моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранына каршы жасалма сотко чейинки иш козголуп, «МуТдан» кылмыш ишин козгоону токтоткону үчүн 2 миң доллар алынгандыгы аныкталды.

Кийинчерээк, акча талап кылуу фактысы ачыкка чыкпашы үчүн, тергөө органдарынын өкүлдөрү М.У.Тга 1500 долларды кайтарып беришкен.

500 доллар өлчөмүндөгү акчанын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты «Д.Б.» кармалган.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестринеКыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча катталган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>