Аламүдүндө автоунаа ала салып 6 адам жаракат алды

Аламүдүндө автоунаа ала салып 6 адам жаракат алды

Аламүдүндө автоунаа ала салып 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак эс алуу жайына бара жаткан жолдо “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылган.  Анда автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 6 адам  ар кандай жаракат алышкан.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көргөзүп “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>