Алга Кылычев Атамбаевке каршы көрсөтмө берди

Алга Кылычев Атамбаевке каршы көрсөтмө берди

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев камактагы президентке жана СДПКнын башка өкүлдөрүнө каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирген.

Маалыматка караганда, ал мурдагы президенттен сырткары Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген.

Аталган маалыматты адвокат Замир Жоошев да  жергиликтүү басылмаларга тастыктаган.

[su_quote]Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу үчүн келишим түзүп алышы мүмкүн. Ал Алмазбек Атамбаевди 7-8 августта мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айтыптыр.[/su_quote]

Белгилей кетсек, Алга Кылычев, Фархад Бабиев жана Кыяс Смайлов УКМК кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалышкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда алардын бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>