Шыкмаматов Салянова тууралуу: Аиданы эстегенде зээним кейийт, ага жардам бере албаганыма капамын

Шыкмаматов Салянова тууралуу: Аиданы эстегенде зээним кейийт, ага жардам бере албаганыма капамын

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып жаткан мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тууралуу билдирүү жазды.

Шыкмаматов Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө Салянова кыйын учурга кабылып турганда жардам бере албаганына зээни кейип жатканын айткан.

Депутаттын жазганын толугу менен беребиз:

«Аиданы эстегенде зээним кейийт, аны аяп боорум ооруйт, ушундай маалда ага жардамым тийбей жатканына өзүмө-өзүм капамын. Мыйзамга ылайык күч органдары фракцияга тикелей баш ийбейт… Аиданын азыркы ахывалына табасы канып жаткан адамдарга таң калам. Баланын саргайып — энеге, эненин жүрөгү сыздап — балага болгон кусалыгы, кандай кыйноо, кандай оор экенин эмнеге сезишпейт? Эмнеге айрым адамдар мынча таш боор, кайдыгер, караөзгөй болушат? Эмнеге бул сезимдер ал адамдарды акыры бактысыздыка алып келээрин сезишпейт? Аида абийирсиз саясаттын курмандыгы экенин, Батукаев темасы эки дөөнүн кармашынын кесепетинен жанданганын акыл эси бар адам тана албас. Албетте, Батукаевди качырган адамдар мыйзам алдында жооп бериш керек, бирок адилеттүүлүктүн, калыстыктын эрежеси менен. Биринчи кезекте башкы күнөөкөрлөр-акча алгандар, тикелей кызыктар болгондор, буйрук бергендер, андан кийин кыйыр түрдөгү күнөөлүүлөр — буйрук аткаргандар жазасын алыш керек. Аиданын күнөөсү, Батукаевдин чыгып кетишине тоскоолдук кыла албаганында, системага алы жетпей калгандыгында. Бул иште негизги күнөөлү фигуранттар эркиндикте жүрөт, ал эми системага туруштук бере албай калган экс- баш прокурор СИЗО-1де отурат. Айтоор мыйзам буйдалаган төө болуп жаткандыгы айдан ачык. Мамлекетти сызга отургузган алкымы үңкүрдөй болгон ууру-кескиндер эркиндикте жүрөт, системанын курмандыгы болгон Аида камакта отурат. Кара кылды как жарган калыстык мындай болбойт, ток этээри ушул. Кыраакы бийлик — адилеттүү бийлик, көсөм бийлик — калыс бийлик! Андай бийликтин тегерегине эл биригет, үмүт артып ишеним көрсөтөт. Адилетсиз кара күчкө таянган зөөкүр бийлик — алсыз бийлик, келечеги жок бийлик! Буга тарых күбө», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып,  26-августка чеийин камакта калтырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>