Алматыда акимчиликти басып алды деген видео тарады

Алматыда акимчиликти басып алды деген видео тарады

Казакстандын экинчи борбору Алматы шаарынын акимчилигин басып алган видео тарады. Ал видеодо бир имараттын ичинде желек көтөргөн кишилерди көрүүгө болот. «Тууну жерге таштабагыла» — деген кыйкырыктар угулууда.  Дагы бир видеодо Алматы аэропортун аскерлер кайтарып жатканы айтылат.

 

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токоев өкмөтүн отставкага кетиргенин жар салды. Буга чейин Токаев эки жолу элге кайрылып тынчтанууга чакырган. Митингчилердин талабы Маңгыстау аймагындагы суюлтулган газдын кескин кымбаттап кеткени себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>