Алматынын тургуну терезесинен адамдарды аткылап, аягында өз жанын кыйды

Алматынын тургуну терезесинен адамдарды аткылап, аягында өз жанын кыйды

Алматыда көп кабаттуу үйдүн батирине бекинип алып ок аткан киши 17-кабаттан секирип каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, маркум бийиктиктен секиргенге чейин аны менен полиция кызматкерлери, прокуратура өкүлдөрү жана тааныштары алты саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бирок ал эч кандай талаптарды койгон эмес.

Полициянын маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал киши аңчылык мылтыктан дээрлик 30 жолу ок аткан. Күч түзүм кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын арасында жаракат алгандар болгон эмес. Окуя болуп жаткан маалда көп кабаттуу үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Бирок ага чейин ал адам көп кабаттуу үйдүн күзөтчүсүнө ок атып, аны жарадар кылган. Андан соң 17-кабаттагы батирине бекинип, ал жактан ок ата баштаган. Бутунан жаракат алган күзөтчү ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Полиция азырынча маркумдун мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз экенин билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>