Алмазбек Атамбаевдин соту башка күнгө жылдырылды

Алмазбек Атамбаевдин соту башка күнгө жылдырылды

Алмазбек Атамбаевдин соту жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 21-январда Биринчи май райондук сотунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаевдин иши каралмак.
Бирок айыпталуучу Атамбаевдин алынып келинбегендигине жана жактоочу Сергей Слесаревдин келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 9-февралга саат 14:00гө жылдырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>