Алтынай Өмүрбекова: Өкмөт жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барууда

Алтынай Өмүрбекова: Өкмөт жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барууда

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоо миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Алтынай  Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүзүлүп жаткан реформаларга жардам берип келе жатат деди. 

Ал миссиянын мүчөлөрүнө буга чейин кабыл алынган калктын саламаттыгын сактоо жана 2023-жылга чейин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү Программасы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бардык саламаттык сактоо уюмдары дартты алдын алуу жана профилактика жүргүзүү, жарандарга сапаттуу медициналык жардам берүүнү ушул программанын негизинде жүргүзүп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын өкүлдөрү саламаттык сактоо тармагына анализ жүргүзүп, акыркы беш жылда өлкөдө жасалган реформалар менен таанышып чыкканын айтышты. Алар жетишкен жакшы жактарды белгилөө менен, реформага муктаж болгон  маселелерди айтышты.  Ошондой эле Өкмөт жарандардын ден соолугуна байланышкан маселеге өзгөчө маани берип жатканы жакшы көрүнүш экенин белгилешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>