Алтынай Өмүрбекова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту

Алтынай Өмүрбекова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытайдын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө динамикалуу өнүгүп жаткан кыргыз-кытай коңшулаштык мамилелерин, достугун жана кызматташтыгын жогору баалай турганын айтты.

Ал кытай тарапка 2019-жылдын 11-12-июнунда Бишкекте «Манас» операсын ийгиликтүү уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Өмүрбекова Кытай элчисине кыргыз тарап Кытай опера жана балет театрынын артисттерин жана өкүлдөрүн мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоону чечкиндиги тууралуу маалымдады.

Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, инновациялык жана санариптик технологиялар, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары кытай тарап вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 2019-жылдын октябрында Наньин шаарында өтө турган «Кытай – Борбор Азия» VII Кызматташтык форумуна катышууга чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>