Алтынбек Сулайманов: “Бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. “Бир Бол” №13” Урматтуу мекендештер!

Алтынбек Сулайманов: “Бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. “Бир Бол” №13” Урматтуу мекендештер!

Элдин башкы талабы бийликке, өкмөткө жана парламентке элдин бакубат жашоосу үчүн иштеп бере ала турган адистерди алып келүү болду. Бул талапка “Бир Бол” партиясы биринчилерден болуп көңүл бурганын билесиздер. Шайлоо алдындагы тизмени түзүп жатканда заман талабына ылайык ойлоно алган, чечимдерди ыкчам кабыл алууга жөндөмдүү, өз тармагынын кесипкөй адиси болгон, бизнестеги ыңгайлуулукту, кызмат көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүктү көрүп, өзүнө сиңирген тажрыйбалуу жаш күчтөрдү, жаңы жүздөрдү алып келдик.

“Мурунку көчтүн адашканын, кийинки көч билет” демекчи, азыр жаштардын талабы, көз караштары жана маселени чечүү жолдору, биздеги салттуу ыкмалардан кыйла айырмаланып турат. Мындай өзгөчөлүк “Бир Болдун” жаңы командасында так жана даана билинип турат. Биздин команда жүрөгүндө жалы бар, эл дегенде күйүп-жанган эрктүү жигиттерден, өнүгүү жолуна гумандуу, эркин барууга умтулган кыздарыбыздан турат. Бийликти толугу менен иштин көзүн билген адистер менен жаңыртуу, инновациядан негиз алып өнүгүү, эл алдында президентти, депутаттарды жоопкер кылуу биз үчүн принципиалдуу болуп саналат. Биздин партиянын максаты – бийликтин бардык бутактарына профессионал адистерди алып келүү. Биз социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программасын киргизип, аны жүзөгө ашырууну көздөп жатабыз.

Ошондой эле губернаторлорду жоюп, бийликти жер-жерлерге берип, элге партияны эле эмес, партиядагы өзү каалаган талапкерди шайлоо укугун беребиз. Ошондо бийлик менен элдин ортосундагы ажырым жоюлат. Биз өзүбүз үчүн бир катар милдеттерди алдык. Биздин башкы милдетибиз медицина кызматкерлеринин, окутуучулардын жана мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу. Ошондой эле, экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70%га чейин жеткирүү, мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартууну өз милдетибиз деп билебиз.

Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн таптакыр жаңыча көз караш менен бара жатабыз. Жаңыча чечимдер маданият тармагында да болот деп айта алабыз. Маданий элитаны жандандыруу жана колдоо максатыбыз бар.
Кымбаттуу мекендештер!

Шайлоого мына ушунай бийик максаттар, аруу тилектер менен бара жатабыз. Биз шайлоо эмес тандоо кылалы. Анткени бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. Келиңиздер, жаркын келечекке чогу баралы! Бул максаттарды ишке ашырууга биз даярбыз!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2-октябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>