Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрында өткөрүлөт

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрында өткөрүлөт

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт.  Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Айтылуу тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт. Маарекени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн.

Жаманкуловдун айтымында, маарекеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Алымбек датканын өмүр жолун ар жаран жакшы билиши керек экенин белгилесе, депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин айтты.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>